Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/115
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Геофизика көчөсүнүн №19 үйүнүн тургуну Мамадалиева Райланын Гагарин №9 көчөсүндө жайгашкан жеке менчигиндеги дүкөнүн бөлүп саткандыгына байланыштуу артындагы жер участогунун пайдалануу багытын турак үй деп өзгөртүп берүү боюнча жазган арызы боюнча, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Мамадалиева Райланын Гагарин №9 көчөсүндө жайгашкан жеке менчигиндеги дүкөнүн артындагы жер участогунун пайдалануу багытын «турак үй» деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Профилин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |