Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/116
«Жомок» балдар бакчасынын иштөө абалы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, «Жомок» балдар бакчасынын иштөө абалы жөнүндө шаардык Кеӊештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеӊештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Туруктуу комиссиянын берген корутундусунда белгиленген төмөндөгү кемчилдиктерди жоюуну балдар бакчасынын башчысы А.Сапаровага милдеттендирилсин.
Санитардык бөлмөлөргө тийиштүү болгон гигиеналык заттардын болуусун;
Балдар чечинген шкафтардын эшиктерин оӊдоону;
Ашканадагы эшиктердин ачкычтарын оӊдоону;
Зарыл болгон медициналык дарылар менен камсыз кылууну;
Балдар уктоочу бөлмөдөгү килемдерди төшөөнү;
Балдар бакчасынын кароолкана маселесин жана имараттын чатырына жайгашкан суу ийдишти тезинен оӊдоону.
3. Балдар бакчасынын ашканасы үчүн өндүрүштүк чоӊ электр плитасы жана муздаткыч алууну 2019-жылдын I кварталына мэрияга сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |