Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/117
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштеринин жүрүшү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, шаардык Кеӊештин иш планы боюнча жана 2018-жылдын 12-февралында кабыл алынган № 01-5/73 токтому менен Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын аткарган иштеринин маалыматын жана шаардык Кеӊештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеӊештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын аткарган иштери боюнча берген кортундусу эске алынсын.
2. Гагарин, Пионер көчөсүндөгү отургузулган жаш көчөттөр тийиштүү деӊгээлде каралбай, көпчүлүк сандагы көчөттөр куурап калгандыгына байланыштуу муниципалдык ишкананын директору Э.Маматовго эскертүү берүүнү мэрге сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |