Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/118
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, шаардын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасы үчүн капиталдык ремонттон өткөрүп даярдалып жаткан эки кабаттуу имаратты шаарыбыздын тургундары имарат балдар бакчасы болуп өзгөрүлбөстөн Үй бүлөөлүк медициналык борбору боюнча калуусун сурап жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар тургундарынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан балдар бакчасы үчүн капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаткан эки кабаттуу имараттын пайдалануу багыты үй бүлөөлүк медициналык борбору үчүн өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну вице-мэрге жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |