Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/120
Спортчуларга колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы, 2018-жылдын 09-ноябрынан 19-ноябрына чейин Румыния Мамлекетинде грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк Чемпионатка жолдомо алган жаш спортчу Абдуразаков Нургазыга Чемпионатка барып катышып келүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында жазган Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуу катын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Абдуразаков Нургазыга Румыния Мамлкетинде өтө турган грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк Чемпионатка катышып келүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоону шаардын мэрине жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |