Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/ 121
Ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин аппараты отурган кабинеттерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча шаардык Кеңештин төрагасынын сунушун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин төрагасынын сунушу эске алынсын.
2. Шаардык Кеңештин аппараты отурган кабинеттерди толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө 250 000 (эки жуз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэрге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |