Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/ 122
№ 14 орто мектептин директору А.К.Орозованын Россия Федерациясына иш сапарына барып келүү үчүн жергиликтүү бюджеттен көмөк көсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, № 14 И.М.Губкин атындагы орто мектептин директору А.К.Орозованы 2018-жылдын 27-октябрынан 2018-жылдын 05-ноябрына чейин Россия Федерациясынын Белгород шаарында өтүүчү мугалимдердин регионалдык ярмаркасына катышып келүүсүнө жергиликтүү бюджеттен көмөк көрсөтүүсүн суранып кайрылган мэриянын жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиикке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. № 14 И.М.Губкин атындагы орто мектептин директору А.К.Орозованы 2018-жылдын 27-октябрынан 2018-жылдын 05-ноябрына чейин Россия Федерациясынын Белгород шаарында өтүүчү мугалимдердин регионалдык ярмаркасына катышып келүүсүнө жергиликтүү бюджеттен мүмкүнчүлүкө жараша 20 000 (жыйырма миӊ)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэрге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |