Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 01-5/ 123
Мэрдин 2018-жылдын 9 ай аралыгында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 9 ай ичинде аткарган иштеринин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджетти аткарууда, аткаруу бийилигине депутаттардын келтирген кемчилдиктерин ушул жылдын аягына чейин жоюуну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я. Т. Абдурахманов |