ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги I сессиясы
2017-жылдын 9-январы I/1
Үгүт айылдык кеӊешинин төрайымын, орун басарын шайлоо жана туруктуу комитеттердин мүчөлөрүн бекитүү, 2017-жылга карата айылдык кеӊештин иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча мыйзамына ылайык Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылдык кеӊешинин төрайымы болуп Майрыкеева Рыскүл шайланды деп табылсын.
2. Үгүт айылдык кеӊешинин төрайымынын орун басары болуп Жусубалиев Жылдызбек шайланды деп табылсын.
3. Үгүт айылдык кеӊешинин комитеттери бекитилсин.
4. Үгүт айылдык кеӊешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы кабыл алынсын.
Төрага | Р. Майрыкеева |