Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-февралы № III/1
Үгүт айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышын кароо, айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалымдамаларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү мыйзамына жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү ” мыйзамына ылайык карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы туура чыгымдалган деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү ” мыйзамына ылайык Үгүт айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин долбоору алымча кошумчасы менен бекитилсин.
3. Үгүт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан жарандарга берилүүчү маалымдамалар бекер берилип, жер салыгына, жайыт акысына, таза сууга карызы бар жарандарга маалымдама карызынан кутулмайынча берилбесин.
4. Ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн баасы алымча кошумчасы менен кабыл алынсын. Купканын баасы бир мал башына күзүндө 8, жазында 6 сомдон бекитилсин.
5. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарынын таза сууга болгон төлөмдөрү бир айга жан башына 15 сомдон бекитилсин.
6. Үгүт айылындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын имаратын байланыш тармагына мыйзамдын негизинде чечүү жагы Үгүт айыл өкмөт башчысы Ы.Эсенгуловго тапшырылсын.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозобекованын кызматынын мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу 7-февраль 2017-жылдан баштап ээлеген кызматынан бошотулсун.
Төрага | Р. Майрыкеева |