Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № IV/1
М.Баетов орто мектебинин директору С.Абдыраеванын отчетун угуп, ишине баа берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, М.Баетов орто мектебинин директору С.Абдыраеванын отчетун карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Баетов орто мектебинин директору С.Абдыраеванын иши канааттандырарлык эмес деп табылсын. Мектептеги жасалган ремонтко элден чогулган өздүк салым боюнча кагаз жүзүндө маалымат берүү жагы мектеп директору С.Абдыраевага милдеттендирилсин.
2. М.Баетов орто мектебинин мурунку завхозу М.Аманбековго мектептин эски материалдарынын сатылышы боюнча толук маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Үгүт айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага эскертүү берүү жагы Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы Ы.Эсенгуловдон суралсын.
Төрага | Р. Майрыкеева |