Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № V/2
Үгүт ЖПБнын 2017-жылга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жана АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча алынып келинүүчү эксковатор тракторун иштетүү жана бааларын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, Үгүт ЖПБнын 2017-жылга карата жайыт башкаруу планын бекитүү жана АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча алынып келинүүчү эксковатордун кызмат көрсөтүү бааларын карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт ЖПБнын 2017-жылга карата жайыт башкаруу планы бекитилсин.
2. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарында эксковатор тракторун иштетүүдөгү кызмат кѳрсѳтүү
акысы: - 1 метр арыктарды казууда 270 сом. ( күйүүчү май көрсөтүлгөн баанын
ичинде).
- 1 машина шагыл, кум, жүктөө 300 сом ( майы ичинде)
- 1 м3 чуӊкур касса 250 сом ( май ичинде)
3. Түшкөн акынын 30% ти механизаторго төлөнсүн.
4. Үгүт ЖПБнын бекитилген иш планынын негизинде иш алып баруу, эксковатор тракторунун иштешин көзөмөлдөө жагы Үгүт ЖПБнын төрагасы Ж.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |