ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз VI сессиясы
2017-жылдын 4-апрели № VI/4
Үгүт жайыт комитетине АРИС тарабынан берилген кой кыркуучу агрегаттын кызмат көрсөтүүсүнүн баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Үгүт жайыт комитетине АРИС тарабынан берилген кой кыркуучу агрегаттын кызмат көрсөтүүсүн карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт жайыт комитетине АРИС тарабынан берилген кой кыркуучу агрегаттын кызмат көрсөтүүсүнүн баасы бир баш койго 25 сомдон бекитилсин.
2. Түшкөн 25 сомдун 10 сому жайыт комитетине которулсун.
Төрага | Р. Майрыкеева |