Редакцияот 29.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз VII сессиясы

 

2017-жылдын 29-майы № VII/1

Үгүт айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун жыйынтык материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Үгүт айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиясынын) материалдарын карап чыгып Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча жумушчу топтун (комиссиясынын) материалдары бекитилсин.

2. Үгүт айылдык аймагынын калктуу конуштарын тактоо боюнча материалдарын, мындан ары калктуу конуштардын генералдык пландарын түзүүдө калктуу конуштардын чек араларына тиешелүү маселелерде колдонууну уюштуруу жер адиси А.Үмөталиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Майрыкеева