Үгүт айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 19-июнундагы № VIII/4 «Байгөнчөк айылындагы Т.Оторов орто мектебинде ремонт учурунда эски эшик, терезелерин алмаштырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө» токтому
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 19-июну № VIII/4
Байгөнчөк айылындагы Т.Оторов орто мектебинде ремонт учурунда эски эшик, терезелерин алмаштырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Байгөнчөк айылындагы Т.Оторов орто мектебинде ремонт учурунда эски эшик, терезелерин алмаштырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүүнү карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Оторов орто мектебин ремонт жүргүзүү үчүн эски эшик терезелерин алмаштырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлүп, курамына Д.Казиева, З.Чогулдурова, А.Үмөталиев, К.Мамакеев, Б.Орозбаев, Ж.Жусубалиев, Н.Иманкадыровдор киргизилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |