ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги IХ сессиясы
2017-жылдын 19-октябры № IХ/1
Үгүт айылдык аймагындагы мекемелердин элге кызмат көрсөтүүсүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Үгүт айылдык аймагындагы мекемелердин элге кызмат көрсөтүүсүн карап чыгып Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылдык аймагындагы мекемелердин элге кызмат көрсөтүүсү жакшы деп белгиленсин.
2. Мекемелердин ишин көзөмөлдөп туруу жагы айыл өкмөт башчысы Ы.Эсенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |