Редакцияот 19.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги IХ сессиясы

 

2017-жылдын 19-октябры № IХ/2

Айыл өкмөтүнүн кышка болгон даярдыгын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Үгүт айыл өкмөтүнүн кышка болгон даярдыгын карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айыл өкмөтүнүн кышка болгон даярдыгы эӊ жакшы деп табылсын.

2. Мекемелерди кыш мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ы.Эсенгуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Майрыкеева