Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-октябры № IХ/8
М.Баетов, Т.Оторов орто мектептеринин жана Айдос, Байгөнчөк-Келечеги балдар бакчасынын камкордук кеӊешинин жобосу жана курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын билим берүү боюнча мыйзамынын негизинде М.Баетов, Т.Оторов орто мектептеринин жана Айдос, Байгөнчөк-Келечеги балдар бакчасынын камкордук кеӊешинин жобосун жана курамын карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Баетов, Т.Оторов орто мектептеринин жана Айдос, Байгөнчөк-Келечеги балдар бакчасынын камкордук кеӊешинин жобосу жана курамы бекитилсин.
2. Бекитилген жобонун негизинде иш алып баруу жагы мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |