Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-октябры № IХ/11
Үгүт айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдагы жайыт акыдан түшкөн акча каражатын Үгүт ЖПБсынын эсебине которуп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү ” мыйзамына ылайык, Үгүт айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине жайыт акыдан түшкөн акча каражатын карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдагы жайыт акыдан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн эсебинен Үгүт ЖПБнын эсебине толугу менен которулуп берилсин.
2. 70491. Жайыт:-3111 статьясындагы - 62400 сомду
-- 2215 статьясына – 62400 сом жылдырылып, чыгымдалсын.
3. Жайыт акыдан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен которуп берүү жагы ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин
Төрага | Р. Майрыкеева |