Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-ноябры №Х/4
Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүүдөгү жерлерди арендага берүү, ижара акысы, салыктын чогултулушу, анын пайдаланышын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча» мыйзамы, жер кодексине ылайык айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүүдөгү жерлерди арендага берүү, ижара акысы, салыктын чогултулушу, анын пайдаланышын карап чыгып, Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүүдөгү жерлерди арендага берүү, ижара акысы, салыктын чогултулушу, анын пайдаланышы туура деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүүдөгү жерлерди арендага берүү, ижара акысы, салыктын чогултулушун жакшыртуу, Б.Назарбековдун арендага алган жерин тактап жыйынтык чыгаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ы.Эсенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |