ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 14-майы № ХIII/1
Жеке ишкер Темирбек Ормотоев Үгүт айыл аймагына тийиштүү Нарын дарыясынын ортосунан чачыранды алтынды казып иштетүүгө уруксат сураган кайрылуусу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын жер казынасын иштетүү жана пайдалануу боюнча мыйзамынын негизинде Үгүт айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер Т. Ормотоевге Үгүт айыл аймагына тийиштүү Нарын дарыясынын ортосунан чачыранды алтынды казып иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Жеке ишкер Т. Ормотоевге Үгүт айыл аймагына тийиштүү Нарын дарыясынын ортосунан чачыранды алтынды казып иштетүү учурунда мыйзамдын негизинде жаратылышка жана айыл тургундарына зыян тийгизбөө жагы эскертилсин, тийиштүү көзөмөл иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ы. Эсенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |