Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № ХIII/2
«Айдос» бала бакчасынын капиталдык ремонтуна Швецария Өкмөтү тарабынан Швецариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланган 1 000 000 (бир миллион) сом айыл өкмөттүн бюджетине түшүп жаткандыгына байланыштуу Үгүт айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин негизинде Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Айдос» бала бакчасынын капиталдык ремонтуна Швецария Өкмөтү тарабынан Швецариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланган 1 000 000 (бир миллион) сом айыл өкмөттүн бюджетине түшүп жаткандыгына байланыштуу Үгүт айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бюджетке киргизилген ѳзгѳртүүлѳр боюнча иш алып баруу жагы ФЭБ башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |