Редакцияот 12.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 12-июну №ХIV/1

«Тобс» жоопкерчилиги чектелген коомунун геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө

Үгүт айыл аймагынан Нарын дарыясынын сол куймасынын Ала-Бука дарыясынын Кызыл-Кыр аянтында чачыранды алтынды геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө уруксат сураган кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын жер казынасын иштетүү жана пайдалануу боюнча мыйзамынын негизинде Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Тобс» жоопкерчилиги чектелген коомуна Үгүт айыл аймагынан Нарын дарыясынын сол куймасынын Ала-Бука дарыясынын Кызыл-Кыр аянтынан чачыранды алтынды геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө 1гектар (бир гектар) жер берилсин.

2. «Тобс» жоопкерчилиги чектелген коому кен изилдөө иштерин жүргүзүү учурунда мыйзамдын негизинде жаратылышка жана айыл тургундарына зыян тийгизбөө жагы эскертилсин, тийиштүү көзөмөл иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ы. Эсенгуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Майрыкеева