Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № ХV /2
Байгөнчөк айылындагы Т.Оторов орто мектебине от жагуучу жай курууга жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин негизинде Үгүт айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде Байгөнчөк айылындагы Т.Оторов орто мектебине от жагуучу жай салуу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысына жерди бөлдүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер боюнча мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан Үгүт айыл өкмөт башчысына кыймылсыз мүлккө болгон укугун каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
4. Бөлүнүп берилген жер участогу үч жылдык мөөнөттүн ичинде өз максатында колдонулбаса Үгүт айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылып алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Р. Майрыкеева |