Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу № ХVI /1
Үгүт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүнүн 2018-жылга күтүлүүчү суммасы жана 2019-2020-2021-жылдарга карата киреше бѳлүгүнүн болжолдуу аткарылышы жѳнүндѳ
Кыргыз Републикасынын Бюджет кодексине ылайык, Үгүт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга күтүлүүчү суммасы жана 2019-2020-2021-жылдарга карата киреше бѳлүгүнүн болжолдуу аткарылышы жѳнүндѳ айыл ѳкмѳттүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы С.Сакыбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үгүт айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга карата киреше бѳлүгүнүн болжолдуу аткарылышын бекитүү боюнча Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы С.Сакыбаеванын билдирүүсү канааттандыраалык деп табылсын.
2. Үгүт айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылга болжолдуу күтүлүүчү суммасы жана 2019-2020-2021-жылдарга карата киреше бѳлүгүнүн болжолдуу аткарылышы тѳмѳндѳгүдѳй суммада бекитилсин:
Киреше түрүнүн аталышы | 2018-жылга күтүлүүчү суммасы | 2019-жылга долбоор | 2020-жылга долбоор | 2021-жылга долбоор |
1.Киреше салыгы | 462,0 | 465,0 | 466 | 467,0 |
2.Патент | 22,0 | 22,0 | 23,0 | 23,0 |
3.Кыймылсыз мүлк салыгы | 1,8 | 1,8 | 1,8 | 1,8 |
4.Транспорт салыгы | 110,0 | 115,0 | 120,0 | 120,0 |
5.Огород салыгы | 58,8 | 58,8 | 58,8 | 58,8 |
6.Жер салыгы | 139,0 | 150,0 | 150,0 | 150,0 |
7.АЧБ эмес жерге салык | 8,2 | 1,2 | 1,2 | 1,2 |
8.Сатуудан алынуучу салык | 0 | 0 | 0 | 0 |
9.Жер казынасына лицензиялар | 33,4 | 0 | 0 | 0 |
10.Жайыт арендасы | 161,6 | 170,0 | 172,0 | 172,0 |
11.КБФ нун арендасы | 22,0 | 22,0 | 22,0 | 22,0 |
12.Муницип.менчиктеги мүлкттүн арендасы | 6,0 | 6,0 | 6,0 | 6,0 |
13.Таштанды чыгаруу салыгы | 5,5 | 5,5 | 5,5 | 5,5 |
14.Атайын каражаттар | 271,5 | 272,0 | 272,0 | 272,0 |
ЖАЛПЫ киреше | 1301,8 | 1289,3 | 1298,3 | 1299,3 |
2018-жылга киреше бѳлүгүнүн күтүлүүчү суммасы болжол менен 1301,8 (бир миллион үч жүз бир миң сегиз жүз)сом; 2019-жылга 1289,3 (бир миллион эки жүз сексен тогуз миң үч жүз)сом; 2020-жылга 1298,3 (бир миллион эки жүз токсон сегиз миң үч жүз) сом жана 2021-жылга 1299,3 ( бир миллион эки жүз токсон тогуз миң үч жүз) сом болуп бекитилсин.
Төрага | Р. Майрыкеева |