Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № ХVII/8
Үгүт айылынын тургуну Молдобаева Шайгүл Мажитовнаны Кыргыз Республикасынын «Энергетика тармагына эмгек сиӊирген кызматкер» наамына көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга кѳрсѳтүү жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык Үгүт айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылынын тургуну Молдобаева Шайгүл Мажитовнанын айыл элинин жашоо шартынын жакшырышына зор салымын кошкондугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Энергетика тармагына эмгек сиӊирген кызматкер» наамына көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомду колдоп берүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Р. Майрыкеева |