Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчии сессиясы

 

2018-жылдын 09-февралы № 7

Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын базалык ставкасынын өлчөмдөрүн бекитуу жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын аймактын татаал климаттык шартына ылайык жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын өлчөмү бекитилсин:

Кашка-Суу айылы боюнча -73,0 сом

Ачык-Суу айылы боюнча -80,50 сом

Кабык айылы боюнча -56,0 сом

Кара-Кабак айылы боюнча -77,30 сом

Жайылма айылы боюнча -73.0 сом

Бурган-Суу айылы боюнча -73.0 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ы.Ж. Эрмаматов