КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчии сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 8
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясына ылайык аймактагы айылдарда жашаган жаш курагы жана 4 баладан жогору балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки жаш балдары бар үй бүлөлөрго жеңилдик берүү жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясыннын негизинде 81,86 га жер аянттан төлөнүүчү 81860 сом өлчөмдө эшик алды салык төлөмүн жаш курагы боюнча жана 4 жаштан жогору көп балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки үй бүлөөлөргө жеңилдик берилсин.(Тизмеси тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |