Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчии сессиясы

 

2018-жылдын 09-февралы № 9

Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коэфиценттерин өлчөмүн бекитүү жөнүндө айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясыннын1-беренесинде белгиленген жердин ставкасы таблицанын негизинде жашаган калктын санына карата 1,6 сом-м 2 бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-беренесинде бекитилген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ-зоналык коэффицент 1.2 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 6-беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө комерциялык коэфиценттин ( КК) өлчөму дүкөндөр үчүн төмөндөгу таблицанын негизинде

Аянт м 2

10м 2 чейин

10-20м2

 чейин

20-35м2

35-50м 2

50 андан

Жогору м2

ККнын

негизи

22.5

16.5

10.5

7.5

6

жана АЗСтер үчүн 10 сом м2, техникаларды оңдоочу жайлары үчүн м2-0,2 жана тоо кен иштеткен ишканалар ККынын имараттары жана сооружениелери үчүн м 2-0,3 сом бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын кодексинин 339-статясынын 5-пункутуна ылайык аймакта калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан, жашап жаткан менчик үйлөрүнүн бөлүгүн, же үйлөрүн пайдаланган учурга айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коммерциялык коэфиценти КК 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ы. Ж. Эрмаматов