Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 4
Көчөгө атын ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылынын Ак-Сай көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Айдар уулу Абдилазиздин атын коюу жөнүндөгү көчө тургундары тарабынан жазылган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылынын Ак-Сай көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Айдар уулу Абдилазиздин атын коюу жөнүндөгү көчө тургундарынын сунушу эске алынсын.
2. Кашка-Суу айылынын Ак-Сай көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Айдар уулу Абдилазиздин аты ыйгарылсын.
3. Юридикалык документерин даярдап бүтүрүү жана көчөнү ондоп туруу жагы туугандарына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |