Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты №6
Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылындагы “Бурган-Суу” көчөсүнүн негизги унаа жолунун түштүк жагынын атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Орозбаев Назарбектин атын коюу жөнүндөгү көчө тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылындагы “Бурган-Суу” көчөсүнүн негизги унаа жолунун түштүк жагынын атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Орозбаев Назарбектин атын атын коюу жөнүндөгү көчө тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кашка-Суу айылындагы “Бурган-Суу” көчөсүнүн негизги унаа жолунун түштүк жагынын атын өзгөртүү жана ал көчөгө маркум Орозбаев Назарбектин аты ыйгарылсын.
3. Юридикалык документтерин даярдап берүү жана көчөнүн тазалыгы, ошондой эле оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп туруу Орозбаев Назарбектин туугандарына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |