Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-майы № 3
Жерлердин ижарага мөөнөтүн узартууга макулдук берүү жөнүндө
2018-жылдын 10-майындагы Кашка-Суу айылында “Транс-Кыргыз-Газ Пайплайн компания лимитет” ЖЧКсы менен биргеликте өткөрүлгөн элдик жыйындын токтомунда каралган маселелерди жана жарандардын кайрылууларын эске алуу менен депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагындагы “Транс-Кыргыз-Газ Пайплайн компания лимитет” ЖЧКсы газ түтүктөрүн алып өткөн үлүш жана ижара жер ээлери менен аталган ишкананын ошондой эле Кашка-Суу айыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишимдер мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайрадан каралсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Кашка-Суу айыл аймагынын өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |