Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-майы № 4
Айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялардын резервин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервин жер-жерлерде тандап алуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколуна ылайык Кашка-Суу айыл аймагындагы № 5164-Кабык, 5165-Ачык-Суу, 5166- Жайылма, 5167-Кашка-Суу, 5168-Кара-Кабак участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү жарандардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагындагы № 5164-Кабык, 5165-Ачык-Суу, 5166- Жайылма, 5167-Кашка-Суу, 5168-Кара-Кабак участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү жарандардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Токтом Чоң-Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |