Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-майы № 6
Ачык-Суу айылына таза суу куруу үчүн жер аянттарын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүнө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун Кашка-Суу айылындагы Ачык-Суу айылына таза суу түтүктөрүн куруу үчун “Ортолук” участкасынан Ачык-Суу айылына чейин узундугу 8081 метр, туурасы 2 метр, жалпы 64162 м2 жана суу сактоочу жай куруу үчүн 400 м2 жер аянтын чектеп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачык-Суу айылына таза суу чыгаруу үчүн суу түтүктөрүнкурууга жана суу сактоочу жай курууга жер аянттарын чектеп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Кашка-Суу айыл аймагынын өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншовке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |