Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-майы № 7
2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Жалиловдун 2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2019жылдагы жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 26770,4 миң сом жана чыгаша бөлүгү 26770,4 миң сом менен бекитилсин.
2. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 25765,6 миң сом жана чыгаша бөлүгү 25765,6 миң сом менен бекитилсин.
3. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 8917,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 8917,8 миң сом менен бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |