Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 2
Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылынын тургуну Ч.Темирбаевтин жана көчө тургундарынын Кашка-Суу айылындагы суунун жанына түшкөн жаңы көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери М.Темирбаевдин атын койуу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылынын дарыясынын жээгинедеги жаңы түшкөн көчөгө, көчө тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери маркум, М. Темирбаевдин аты ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгын жана иреттүүлүгүн карап туруу М. Темирбаевтин туугандарына тапшырылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо маркум М.Темирбаевдин туугандарына жана Кашка-Суу айыл аймагынын юристи У.Алибаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |