Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 3
Калктуу конушка жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировдун Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Кашка-Суу айылындагы “Бор-Тумшук” участкасынын №1376 контурундагы 23,1га жайыт, №1396 контурундагы 16,9 га таштуу жайыт эсебиндеги жалпы 40,0 га жер аянтыны калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жерлер категориясынын калктуу конуштардын (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Кашка-Суу айылындагы “Бор-Тумшук” участкасынын №1376 контурундагы 23,1га жайыт, №1396 контурундагы 16,9 га таштуу жайыт эсебиндеги жалпы 40,0 га жер аянтыны калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жерлер категориясынын калктуу конуштардын (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо жана жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бакировго жана жер адиси Ө.Шаңшоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Экономика, инвеситициялардын тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коммуникация боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |