Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 6
Кашка-Суу айыл аймагынын 2018- жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Чон-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2018-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 22221200 статьясынан 200,0 миң сом 22141100 статьясына жылдырылсын.
2. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин бала бакчалардын атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 22181100 статьясына 100,0 миң сом кошумча план бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |