Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 7
Кабык айылынын тургуну Эгембердиев Райимжанга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы Ы.Ж.Эрмаматовгко жана депутаттарына Чоң-Алай райондук А.Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун жөнөткөн сунуш катын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагынына караштуу Кабык айылыныны тургуну Эгембердиев Райимжанга Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан коргоо жонүндө мыйзамына ылайык 2000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |