Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-октябры № 2
Кашка-Суу айылдык аймагынын 2018-жылдын бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттенберилген 1 300 000 сом кошумча акча каражатын Кашка-суу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн 2111 статьясына 1 108 700 сом, социалдык фондко чегерүүго 2121 статьясына 191 300 сом кароо жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлиги тарабынан Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттен берилген 1 300 000 сом кошумча акча каражатын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы үчүн 2111 статьясына 1 108 700 сом, социалдык фондко чегерүүгө 2121 статьясына 191 300 сом каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Ж. Эрмаматов |