МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 38
Курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу жөнүндө
«Маданият борборунда» курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Май айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Май айылдык аймагына караштуу «Маданият борборунда» курулуш материалдары катары керек болгон тал-теректерди кыюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин макулдашуусу менен жүргүзүлсүн;
2. Кыйылган 150м3 тал-теректерди максаттуу пайдалануу айылдык аймактык комиссиясынын чечими менен жүргүзүлсүн;
3. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы айыл башчысы (Е.Мамырбаев ) тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Өзүбеков И. |