МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 39
Таштандыларды чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктун (жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо) жетекчиликке алып, таштандылар үчүн төлөнүүчү салык өлчөмүн бекитүү максатында Май айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тазалыкты сактоо максатында таштандыларды чыгаруу үчүн, Май айылдык аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар,соода түйүндөрүнө жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларга ай сайын 100 (бир жүз) сом, калктуу конуштарда жашаган ар бир түтүн бир айына 20 (жыйырма) сом, тойканалар үчүн айына 200 (эки жүз) сомдон жергиликтүү салык өлчөмү чегерилсин;
2. Таштандыларды чыгарып, тазалап туруу үчүн түшкөн салык жыйымдарынын багыттуу пайдалануусуна көзөмөл кылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Май айыл өкмөт башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Май айылдык кеңешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Өзүбеков И. |