Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 41
Кайра болуштуруу фондусунун жерлерине мамлекеттик актысын алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин мамлекеттик актысын алуу үчүн Май айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин мамлекеттик актысы төмөнкү контурларга 4-5, 5, 98,137,160,164,170,175 (17) алуу жагы суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын Май айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Май айыл кеңешинин алдындагы агрардык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Өзүбеков И. |