Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 72
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт Комитетинин карамагындагы автожүктөгүчтүн иштөө тартибин, элге кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт Комитетинин карамагындагы автожүктөгүчтүн иштөө тартибин, элге кызмат көрсөтүү наркын бекитүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Жайыт Комитетинин карамагындагы автожүктөгүчтүн иштөө тартибин, элге кызмат көрсөтүү наркы саатына 2500 сомдон бекитилсин. Күйүүчү майына 1100 сом, иштөө акысы 1400 сом Компоньон банкындагы ачылган эсеп счетуна төгүлсүн. Иштөө убактысы 1 сааттан ашкан учурда келишим түзүлсүн. Перегонго аралыгы эсептелип, күйүүчү май 5 ден 20литрге чейин эсептелсин. Айылдан сырткаркы айылдарга, фирмалар менен иштеген учурда, иштөө акысы келишим баада эсептелип бекитилсин.
3. Автожүктөгүчтүн айдоочусунун айлык акысын ар бир айга 15000 сомдон бекитилип берилсин. Авто жүктөгүчтүн жоопкерчилиги, коопсуздугун карап сактоо жагы айдоочу Байматов Эмилге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |