Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 73
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу, тейлөө максатында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Кызыл-Өзгөрүш айылындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу, тейлөө максатында иш алып баруу, Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкананы түзүү жана ишкананы уюштуруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алындагы муниципалдык ишкананын документтерин (жобосун, мөөрүн, штампын) даярдоого кетүүчү чыгым Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |