Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 74
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2017-2018-жылдарга карата бөлүнгөн акча каражаттарынын жумшалышы жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2017-2018-жылдарга карата бөлүнгөн акча каражаттарынын жумшалышы жөнүндөгү Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
2. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2017-2018-жылдарга карата бөлүнгөн акча каражаттарын проэктилерин2018-жылдын 25-августка чейин даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2018-жылдарга карата Чеч-Дөбө, Опоз айылдарына бөлүнгөн Таза Сууга чыгарууга бөлүнгөн 3,400миң сомду сметалык долбоору даярдалган курулуштарга өзгөртүп жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |