Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 75
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына кичи ГЭС курууга Коңур-Өгүз суусунун жээгинен жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылууларын, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын 13.07.2018-жылдагы отурумун, Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 13.07.2018-жылдагы № 3 токтомун эске алып. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынан инвестиция тартуу менен кичи ГЭС курууга Коңур-Өгүз суусунун жээгинен узундугу 3км, туурасы 30м, жалпы аянты 9,0 га жайыт жер аянты Э.Сагынбековго бөлүнүп берилсин. Бөлүнүп берилген жерди трансформациялоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин төрагасы Э.Сагынбековго милдеттендирилсин.
2. Кичи ГЭС курууга бөлүнүп берилген жерди трансформациялоого кеткен чыгым Э.Сагынбековдун өз каражатынан жумшалсын.
3. Кичи ГЭС курууда Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт жерлерге жана экологияга зыян келтирилбөө жагы каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Бакиевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |