Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 76
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы көпүрөнүн докуметтерин бүтүрүүгө каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы көпүрөнүн докуметтерин бүтүрүүгө айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен каражат бөлүнүп берилсин.
2. Көпүрө курууга керектүү АПУ жана ИТУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.
3. Көпүрө курууга керектүү документацияларды даярдоону өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Д. Бекишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |