Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 77
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын токтому жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 20.07.2018-жыддагы №2 токтому эске алынсын.
Койсойбосова Күмүшкан 10000 (он миң) сом
Жылкычыева Сурмакан 10000 (он миң) сом
Эшимкулова Роза 5000 (беш миң) сом
Молдоканов Керимбай 10000 (он миң) сом
Үсөнова Латипа 10000 (он миң) сом
Жапарова Гүлжаз 10000 (он миң) сом
Сулайманова Керезбү 37000 (отуз жети миң) сом
III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алып даярданып жаткан балдарга
Эсенбек уулу Амангелди 10000 (он миң) сом
Алымкулов Сыймык 10000 (он миң) сом
Айыл өкмөттүн жер адисине GPS алууга 9500( тогуз миң беш жүз) сом
Айылдык Кеңештин кабинетине керектүү жабдыктарды алууга 81400 (сексен бир миң төрт жүз)сом
Аң-Арык айылындагы К.Абдыраимов көчөсүнө труба коюуга 6000(алты миң)сом
Чалдыбар айылындагы жолду оңдоого күйүүчү майга 15000(он беш миң) сом
Шайык айылындагы Батаң ажы көчөсүндөгү жолго шагыл төгүүгө 8000 (сегиз миң) сом
Т.Мазиевдин республикалык мелдешине жана III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун тандоо туруна 34000 (отуз төрт миң) сом
Айыл өкмөттүн архивдик кабинетин жасоо үчүн курулуш материал алууга кошумча 10000 (он миң) сом
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Коңур-Өгүз айылынын айыл башчысы Д.Садабаевдин сунушу боюнча 2018-жылдын 10-августунан баштап 20-сентябрга чейин кошумча кароол алуу жана айына ар бир кароолчуга 5000 (беш миң) сомдон эмгек акы жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымдарынан төлөө жана кароолчуларды дайындоо, камак уюштуруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго милдеттендирилсин.
2. Төмөндөгү атуулдардын кайрылуулары айыл өкмөттүн бюджетинин тартыштыгына байланыштуу кийинки сессиянын кароосуна калтырылсын.
Айылдык Кеңештин депутаты Ж.Болотбековдун Бел-Кара-Суу айылына окуучулар өтүүчү көпүрө куруу сунушу
К.Малабашов ЖДПБнун директору Ы.Кожокееванын ооруканага генератор алуу боюнча сушушу
Милициянын полковниги З.Ормоновдун Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнө 5стол 20 стул алуу сунушу.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |