Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-июлу № 78
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бел-Кара-Суу, Чеч-Дөбө айылдарына мал жуут курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевдин сунушун эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бел-Кара-Суу жана Чеч-Дөбө айылдарына жайыт комитетинин эсебинен мал жуут курууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Мал жууткурууга жер аянтын бөлүп берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Мал жуут курууга керектүү АПУ жана ИТУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын, каражаты жайыт комитетинен каралып берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |